• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунда дин кызматкерлери жазгы ишембиликтерин башташты

Аймак 0

Бишкек, 11.03.18 /Кабар/. Кечээ, 10-мартта Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаевдин жазгы бир айлык көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча демилгесине ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы бардык дин кызматкерлери массалык түрдө ишембиликке чыгышты.

Облустук казыяттан билдиришкендей, аталган иш-чарага Кара-Суу районундагы 200дөн ашуун мечиттин имамдары, диний окуу жайлардын окутуучулары, студенттер жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Ишембилик учурунда диний объекттер, кабыр-көрүстөндөр, карыялар үйүнүн айланасы тазаланып, кароосуз калган үй-бүлөлөргө зыярат жасалып, бак-дарактарды бутоо, актап, сырдоо, айланасын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары жол бойлоруна, мечиттердин жана диний окуу жайлардын айланасына жалпысы 900гө жакын алма, өрүк, терек, арча жана гилас көчөттөрү отургузулду. Ишембиликке бардык жерлерде активдүү катышкан жарандарга Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби Абдирашит Батыров ыраазычылык билдирип, тазалыктын көптөгөн ибадаттарга шарт түзүүсү боюнча түшүндүрүп, мечитти тазалоо, үйлөрдү таза кармоо жана жолду тазалоонун сооптору боюнча кеңири айтып берди.

Эскерте кетсек, жазгы ишембилик Ош облусунун бардык райондорунда март-апрель айларынын ишемби күндөрү жүргүзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий