• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунда “Достук кербени” өтүүдө (сүрөт)

Аймак 0

Ош, 22.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунда “Достук кербени” өтүүдө, 20-мартта башталган иш-чара 25не чейин уланат. Анын алкагында маданий, спорттук иш-чаралар, интеллектуалдык оюндар, мастер-класс жана концерттик программа болот.

Мындай иш-чаралар Ош облусунун Ноокат, Өзгөн жана Араван райондорунда уюштурулган.

21-мартта Ноорузду майрамдоо маалында “Достук кербени” Өзгөндүн Ленин Жол жана Аравандын Алля Анаров айылдарында өткөн. Ага жергиликтүү тургандар, “Жашстан” долбоорунун жаш лидерлери, Жогорку Кеңештин депутат Аида Касымалиева жана маданий ишмерлер катышты.

Салтанаттын уюштуруучусу “Жаш Ниет” фондунун жетекчиси Нургүл Караеванын айтуусунда, иш-чара жаштардын демилгеси менен ынтымак жана достукту бекемдөө максатында өткөрүлдү.

Ленин Жол айылынын 54 жаштагы жашоочусу Зейнеп Айжигитова билдиргендей, мындай иш-чаралар коомдо чоң роль ойнойт. “Мурда бизде Улуу Жибек жолу, элдик курултай жана башка иш-чаралар өтчү. “Достук кербени” – калкты бириктирген, тынчтыктык жана өнүгүүнүн символу болгон иш-чара”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий