• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда эки заманбап төрөт үйү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда 25-ноябрда Өзгөн аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кувейт мамлекети тарабынан каржылануучу "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин демөөрчүлүгү менен 2019-жылдын декабрында Өзгөн аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жаңы имараты курула баштаган. Имараттын курулушу 2020-жылдын ноябрь айында бүткөрүлдү.

Жаңы имараттын курулушу менен бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн заманбап медициналык жабдыктар, эмеректер менен камсыздалып, бардык тийиштүү шарттар (ысык суу, ички ажатканалар, лифт жана башкалар) түзүлдү. 3 кабаттуу жаңы төрөт үйү 60 орунга ылайыкташтырылган.

Араван районунда да кувейттик "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмеси тарабынан аймактык ооруканасынын аймагында 100 млн сомго бааланган жаны эки кабаттуу төрөт бөлүмүнүн имаратындагы курулуш толук жыйынтыкталды.

Төрөт үйү 38 орундуу болуп, операция залы, айына жетпей төрөлгөн ымыркайларды жандандыруу залдарынан турат. Пайдаланууга берүү максатында бүгүнкү күндө төрөт үйүнө компьютердик диагностика аппаратураларын алып келүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий