• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда электромобилдик бекет ачылат

Аймак 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Кечээ, 17-мартта өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Суу районуна иш-сапары менен барды.

Аталган өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Абдураимов Кашкар-Кыштак айылындагы унаа оңдоочу жай катары иштеп жаткан "Жибек-Жолу" автобазасы менен таанышып чыкты.

Жарасул Абдураимов Ош – Кара-Суу жолундагы жайгашкан ордун эске алып, электромобиль автобазасын курууга ыңгайлуу жер экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий