• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда эне-бала күйөөсүн өлтүрүп, короого көмүп коюшкан

Кырсык 0

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. Ош облусунда аял менен анын 16 жаштагы баласы күйөөсүн өлтүрүп, короого көмүп койгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз. ИИМден кабарлашкандай, милицияга маркумдун тууганы кайрылган.

Маалыматка ылайык, маркум 2018-жылдын 17-июнунда өлтүрүлгөн.

Эртеси күнү болжол менен 02:00дөр чамасында милиция кызматкерлери короодон эркек кишинин сөөгүн табышкан. Шектүү аял 19-июнда кармалган, учурда ал көрсөтмө берип жатат.

Аялдын 16 жаштагы баласы эч кандай маалымат бере элек.

Пикир

Оставить комментарий