• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Ош облусундагы көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалын тапшырды.

Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облус башчысы көп балалуу энелерди куттуктап, ыраазчылык билдирди.

«Бала тарбиялоо, аны чоңойтуу оңой эмес жана жоопкерчиликтүү экенин баарыбыз билебиз. Көп балалуу энелерге мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, ар дайым колдоого алынып келет. Баарыңыздарга ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Тарбиялап өстүрүп жаткан уул-кыздар келечекте элибизге жана мекенибизге ак кызмат кылуусуна ишенем», - деди Жарасул Абдураимов

Маалымат үчүн:

Быйыл Ош облусу боюнча 271 эне «Баатыр эне» ордени 108 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланды. Облуста жалпы 5 миң 230 көп балалуу энелер жашайт.

Пикир

Оставить комментарий