• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу – Жылкыбаев

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Ош облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, Ош облусунда коронавирус жуктурган жалпы 189 учур катталды.

"Бүгүнкү күнгө карата жаңы 6 учур катталды. Билесиздер акыркы убакта облуста абал турукташып калган. Бирок акыркы күндөрү чет жактан келген жана жүк ташуучу унаа айдаган жарандарыбыздан илдет чыгып калууда. Айрыкча Россия, Казакстан тараптан келгендерден чыгууда. Облус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө десе болот", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-майга карата коронавирус жуктурган 78 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1216ны түзөт. Алардын ичинен 827 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий