• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда гуманитардык жардамды 35 миң 150 үй-бүлө алды - Жылкыбаев

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Ош облусунда гуманитардык жардамды 35 миң 150 үй-бүлө алды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Жылкыбаевдин айтымында, жардамды ишкер, активдүү жаштар да көрсөтүүдө. "Жеке ишкерлер тарабынан 1,5 миң тоннага жакын ун келди. Ошондой эле 11 миң тонна макарон, 78 миң литр өсүмдүк майы, 3,5 миң тонна күрүч, 4 миң 300 кг кумшекер, 3 миң кг эт жана картошка келип, таратылып жатат", - дейт ал.

Жылкыбаев маалымдагандай, Ошто жардамга муктаж 28 миң үй-бүлө бар.

Пикир

Оставить комментарий