• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош облусунда ири инвестициялык парк жана логистикалык борбор курулат

Аймак 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. Ош облусунда инвестициялык парк жана логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу облустун администрациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун жетекчиси Узарбеком Жылкыбаев менен кытайлык инвесторлор жолугушуу өткөрүшүп, ири инвестициялык парк логистикалык борбор куруу боюнча пикир алмашышкан.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн кыргыз тарап 15 гектар жер бөлүп берген. Тийиштүү документтер даяр болгон соң, курулуш иштери башталмакчы.

Ош облусунун кылкынын 90 пайызы жер иштетүү жана мал чарбачылык менен алектенген, ошондуктан мындай объект замандын талабы, - деп айтылат маалыматта.

Жаңы борбордо айыл чарба өндүрүмүн сактоо кампалары, маркировкалоо жана фитосанитардык лаборатория, жук ташуучу унааларга токтотмо курулмакчы.

Мындан тышкары, кайра иштетүү цехтери дагы пайда болот.

Пикир

Оставить комментарий