• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда иштеп жаткан стационарлардын абалы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев облус аймагындагы стационарлардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчынын биринчи орун басары райондордогу "кызыл зоналар" менен таанышып, дарыгерлер менен тамак-аш, дары-дармек маселесин талкуулады.

Дарыгерлердин айтымында, Ош облусунда эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Стационарларда бардык шарттар түзүлгөн. Тамак-аш, дары-дармек жана медициналык коргонуучу каражат жетиштүү.

Белгилей кетсек, Ош облусунда коронавирустун алдын-алуу үчүн кошумча 663 орун даярдалган. Эпидемиологиялык кырдаалга жараша дагы 1300 орун даярдалат.

Пикир

Оставить комментарий