• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунда IT тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-февраль күнү Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жана "КАРПОУ" (Иштеп чыгуучулардын жана программалык камсыздоонун жана кызматтардын кыргыз ассоциациясы) мекемесинин аткаруучу директору Авигаиль Менашени кабыл алды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Ош облусундагы IT тармагын өнүктүрүү, IT тармагына адистерди даярдоо жана бир катар долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз болду. Ош облусунун башчысы IT тармагын өнүктүрүү мезгил талабы экенин белгилеп, адистерди даярдоого ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Ошондой эле облус аймагындагы мектептердин информатика мугалимдерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин жана мекеме- ишкана кызматкерлеринин IT тармагында сабаттуулугун жогорулатуу боюнча сүйлөшүштү.

Пикир

Оставить комментарий