• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 3-февраль күнү саат 21:46да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий