• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 6-августта болжол менен саат 15:59да Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Шералы, Кароол айылдарында-3,5 баллга, Өзгөн шаарында, Куршаб жана Мырза-Аке айылдарында-3 баллга, Жетим-Дөбө жана Кичи-Сай айылдарында–2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий