• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 28-январда саат 14:22де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында 3 балл, Өзгөн районунун Чимбай айылында 3 балл, Мырзаке, Салам-Алик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий