• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.01.19 /Кабар/. Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 21-январда болжол менен саат 15:15те катталган

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Чымбай, Өзгөн, Кароол айылдарында - 3 баллга, Красный Маяк, Кара-Кочкор, Кеңеш, Кандава айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий