• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Аймак 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Ош облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 19-октябрда саат 16:17де Ош облусунун аймагында катталган.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма айылдарында 2 балл, Кызыл-Эшме, Кара-Шыбак, Жар-Башы айылдарында 3 балл, Кашка-Суу айылында 4 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий