• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек,11.02.22. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп кабарлайт ӨКМдин маалымат кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 10-февралда саат 14:44тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Сары-Могол, Кара-Киндик, Бор-Дөбө, Талды-Суу, Ак-Босого, Кызыл-Алай, Кичи-Каракол айылдарында 3 балл, Сопу-Коргон, Жергетал, Көлдүк, Чий-Талаа айылдарында 2,5 балл, Чоң-Алай районунун Чоң-Каракол айылында 3 балл, Кара-Кабак, Кара-Кыр, Кашка-Суу айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Кожокелен айылында 3 балл, Араван районунун Кичи-Алай жана Чөгөн айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий