• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 01:36да Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 балл, Эркештам жана Икизяк айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий