• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 01.03.18. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунун аймагында очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология Институтунун берген маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 28-февралда болжол менен саат 23:27 чамасында катталган.

Жер титирөө Ноокат районунун Найман, Көк-Жар жана Бель айылында 3,5 балл сезилген, ал эми Кызыл-Кыя шаарында 3 балл жана Ош шаарында 2,5-3 балл сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий