• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 30-майда саат 10:25те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат, Жыланды, Красный-Маяк, Кара-Дыйкан, Шералы, Мырза-Аке айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында, Көк-Жаңгак шаарында, Октябрь, Сузак айыл аймактарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий