• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда күндүзгү стационар үчүн 700дөн ашуун орун даярдалды

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Ош облусунда күндүзгү стационар үчүн 700дөн ашуун орун даярдалды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жайлар эгерде пневмония оорусу менен ооруган жарандарга ооруканаларда орундуктар жетпей калса, медициналык жардам көрсөтүү максатында пайдаланылат.

Учурда Алай районунда - 100, Кара-Кулжа - 106, Кара-Сууда - 90, Өзгөн районунда - 220, Чон-Алай районунда - 100 керебет даяр болду жана алгачкы бейтаптар жардам алууда. Араван районунун райондук штабында каралууда.

Учурда облустун аймагында обсервация үчүн 1910 орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляция үчүн 730 орун даяр жана бейтаптар дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий