• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда күзгө карата курулуп жаткан оорукана жакынкы күндөрү ишке берилет

Аймак 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Ош облусунда күз мезгилине карата курулуп жаткан оорукана жакынкы күндөрү ишке берилет. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов билдирди.

"Ош облусунун Баш-Булак айылында 150 орундуу оорукананын курулуш иштери аяктап, тапшыруу алдында турабыз. Учурда ооруканага керектүү болгон медициналык аппараттарды, жабдыктарды алып жатабыз", - деди ал.

Ал билдиргендей, учурда облуста 113 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 1 миң 500 кычкылтек концентратору бар.

Пикир

Оставить комментарий