• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунда ӨК жана ӨА шартында муктаж болгон 103 миңден ашуун үй-бүлөгө гумжардам берилди

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Ош облусунда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында муктаж болгон 103 миңден ашуун үй-бүлөгө гумжардам берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, анын дээрлик 52 миңден ашыгын жеке ишкерлер, фонддор берген. Ал эми 51 миңге жакынына өкмөт тарабынан жардам берилген.

"Берилип жаткан жардамдын баарын көзөмөлгө алганга аракет кылдык. Өкмөт тарабынан берилген гумжардамдын тизмеси бар. Муктаж болгон жарандардын баарына гуманитардык жардам жеткирилди. Ал эми жардам бергиси келген жеке ишкерлер, ар кандай фонддор бизден тизме сурап, көмөк көрсөтүп жатышты. Айрымдары болсо өздөрү эле барып, жардамдарын берип жатышты. Жарандардын азык-түлүккө болгон муктаждыгын бир топ эле чечип бердик десек болот", - деди ал.

Өкүл Жылкыбаев кошумчалагандай, облус боюнча 28 миң жаран мамлекет тарабынан пенсия, жөлөкпулдарды алып турат.

"Биз башында ошол эле жарандарга жардам беребиз го деп ойлодук эле. Бирок күнүмдүк иштеп акча тапкан жарандар да үйдө отуруп калды. Ошолордун баарына жардам бергенге аракет кылдык", - деди Жылкыбаев.

Пикир

Оставить комментарий