• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунда катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырып учуруп кетти – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылында катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырып учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-июлда болжол менен саат 19:50лөр чамасында катуу шамал катталып, Дектир көчөсүндө жайгашкан 3 турак үйдүн жалпы 152 чарчы метр, 1 ашкананын 35 чарчы метр жана 1 сарайдын 3,8 чарчы метр чатырын учуруп кеткен. ӨКМ кызматынан кабарлашкандай, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

"Чоң-Алай райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Шамалдын ылдамдыгы такталууда", - деп билдиришти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий