• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош облусунда коменданттык саатты бузган 27 киши кармалды

Аймак 0

Бишкек,29.03.20. /Кабар/. Ош облусунда коменданттык саатты бузган 27 адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Ал кечээ коменданттык саатты бузган 40ка жакын киши кармалганын айтып, 28нен 29-мартка карата коменданттык саттык бузгандар азайганын айтып өттү.

"Бул илдеттин коркунучу (коронавирустун – ред.) чоң экенин калк түшүнүп жатат деп эсептейм. Кечээ коменданттык саатты 45 киши бузган деп айтканбыз. 28нен 29-мартка караган түнү коменданттык сатты бузган 27 адам болду. Алар да үйүнө бара жатып кечип калгандар, бир айылдан бир айылга өтөм дегендер болду", - деди ал.

Эскерте кетсек, 27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий