• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунда коронавирус жуктурган 38 бейтап дарыланууда - Жылкыбаев

Аймак 0

Бишкек, 29.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош облусунда коронавирус жуктурган 38 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында коронавирусту 217 адам жуктурган.

"Алардын 175и айыгып чыкты, 38 бейтап дарылануусун улантууда. Каза болгондордун саны 4 адамды түзөт. Учурда Ошто коронавирус жуктурган бирден-экиден учур чыгып жатат. Негизинен ал сырттан келген жарандарда аныкталууда. Абал туруктуу", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 29-майга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1662 учур катталды. Алардын ичинен 330у медицина кызматкери. Илдеттен 1088 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий