• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунда коронавируска чалдыккандарды дарылоочу бөлүм ишке кирет

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмү капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда ремонттоо иштери 95 пайызга бүткөрүлдү. 90 орундуу жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмү июндун аягында пайдаланууга берилет. Аталган бөлүмдө коронавирус оорусунун оор түрүнө чалдыккандар дарыланоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев таанышып, облустагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен тезирээк пайдаланууга берүү керектигин айтты.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүн ремонттоо иштери 2021-жылдын январь айында башталган. Аталган бөлүм акыркы жолу 1976-жылы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий