• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери 72% аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-августта Ош облусунда айыл чарба тармагындагы маселерди талкуулаган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус башчысы Зиядин Жамалинов, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басарлары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары катышты.

Жыйында кылкандуу дан эгиндерди оруп-жыйноо жумуштары, мал базарларды ирээтке келтирүү иштери боюнча маалымат берилди.

Ош облусунун башчысы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчыларына түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча, ал эми акимдердин биринчи орун басарларына буга чейин берилген мал базарларды ирээтке келтирүү тапшырмасын 30-августка чейин аткаруу керектигин айтты.

“Ош облусунда кылкандуу дан эгиндерди оруп-жыйноо иштери 72% аяктаап калды. Бизден атайын комиссия түзүлүп, үрөн чарбалардын көрсөткүчүн анализдеп көрөбүз. Анын жыйынтыгында начар көрсөткүч көрсөткөн үрөн чарбалардын жетекчилеринин кызмат ордун кароо боюнча сунуш беребиз. Ошондой эле 30-августка чейин облус аймагындагы мал базарларды ирээтке келтирүү тапшырмасы берилген. Берилген тапшырманы мөөнөтүндө аткарбаган мал базарлар жабылат”, - деди Зиядин Жамалдинов

Мындан сырткары, облус башчысы органикалык жер семирткичтерге өтүү керектигин айтып, райондук агрардык өнүктүрүү башчыларына жана райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарларына тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий