• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда мал уурулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Аймак 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Ош облусунда милиция кызматкерлери мал уурулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун милиция кызматкерлерине 2021-жылдын 12-майында Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында "У" аттуу жаран мал уурулук кылып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Аталган билдирүү 2021-жылдын 12-майында Ош ОИИБдин КЖБРне КР Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда (Уурдоо) каралган кылмыш белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2021-жылдын 13-майына караган түнү саат 02:20 чамасында Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагынын Бел айылында Өзгөн районунун Кароол айылынын тургуну 33 жаштагы Б.М.ге таандык Мерседес-Бенц (жүк ташуучу) автоунаасы кармалып, автоунаага ошол жерде кечиктирүүсүз тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү жүргүзүү учурунда Мерседес-Бенц автоунаасынын арткы жүк салуучу жайынан 8 баш мал табылган.

Аталган малдарды уурдап бара жаткан атуулдар Ноокат районунун 24 жаштагы С. у Б. жана Кара-Суу районунун 22 жаштагы К. у Б. аттуу тургундары экендиги аныкталып, алар буга чейин да мал уурулукка шектелип, бирок тергөөдөн качып жүрүшкөнү белгилүү болгон.

Ал эми жогоруда малдар Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын тургундары Д.Б., К.Б., Т.Н. жана Д.К.га таандык экендиги такталып, таанытуу протоколу түзүлүп ээлерине кайтарылып берилген.

Пикир

Оставить комментарий