• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда “Мал уурулук” рейдинин жүрүшүндө жалпы 35 кылмыштын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.21. /Кабар/. Мүлктүк кылмыштар чөйрөсүндөгү криминалдык абалды турукташтыруу, Ош облусунун аймагында менчик мүлктѳрдү уурдоо мүнөздөгү кылмыштар боюнча адистешкен кылмыштуу топторду аныктоо жана ашкерелөө максатында, 2021-жылдын 15-17-сентябрында Ош облустук ИИБнин кызматкерлери тарабынан “Мал уурулук” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чараны өткөрүүдө Ош облустук ички иштер башкармалыгынын райондук ички иштер бѳлүмдѳрүнүн жана аталган башкармалыктын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Мындан тышкары, жер-жерлерде ички иштер органдары ыкчам каттоодо турган адамдарга карата болгон оперативдүү маалыматты иштеп чыгуу үчүн ыкчам издөө топторун уюштурушту. "Уурдалган мүлктү жана малды сатуу каналдарын жабуу, ошондой эле мүлктүк кылмыштардын бетин ачуу жана кылмышкерлерди издөө максатында, колдо болгон оперативдүү маалыматты иштеп чыгуу үчүн мобилдик издөө топтору түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Аталган рейддик и ш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында жалпы 35 кылмыштын жана жоруктун бети ачылган.

Анын ичинде: жеке мүлктү уурдоо - 25, каракчылык - 1, зордуктоо - 1, унаа каражаттарын уурдоо - 1, ошондой эле башка кылмыштар -7.

Ачылган кылмыштар райондор боюнча кароочу болсок жыйынтыктары тѳмөндѳгүдѳй:
- Кара-Суу -14 (уурулук-10, каракчылык-1, зордуктоо-1, автоунаа каражатын мине качуу-1, дайынсыз жоголгонду табуу-1);
- Өзгөн - 3 (уурулук -3);
- Ноокат - 3 (уурулук -3);
- Араван - 3 (уурулук-3);
- Алай - 3 (уурулук-3);
- Кара-Кулжа - 2 (уурулук-1, 130-берене боюнча-1);
- Чоң - Алай -1 (уурулук -1);
- Ош ОИИБ борбордук аппараты тарабынан- 6 (уурулук - 2, 180-берене боюнча - 4).

Облустагы операциянын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон 1 адамдын орду аныкталган (Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмү). Уурдалган мүлктү жана малдарды сатуунун ыктымалдуу бар 18 жай текшерүүгѳ алынган.

Ошондой эле мурда ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон адамдар кѳзѳмѳлдѳн ѳткѳрүлгѳн.

Пикир

Оставить комментарий