• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда милиция эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Ош облусунда милиция эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирет.

Ош облустук милициясынын бөлүм жана кызматтарынын кызматкерлери жана жетекчилеринен атайын топтор түзүлүп, райондук милициянын өздүк курамы ички иштер органдарынын ардагерлери жана элдик кошуундар менен биргеликте райондорго чыгып түнкү кайгуул иштерин жүргүзүүдө.

"Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондорунда көп улуттуу эл жашагандыгына байланыштуу ал райондорго басым жасалып, чагымчыл чакырыктарга ишенбөөгө жана ошондой аракеттер болсо укук коргоо орагандарына дароо маалымат берүү керектиги эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти облустук милициядан.

Ошондой эле базарлар, мал базарлар, автобекеттер, эс алуучу жана тамактануучу жайларларда COVID-19 илдетинин алдын алуу үчүн санитардык эрежелерди,
андан тышкары жол эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери алынып барууда.

Пикир

Оставить комментарий