• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда милициянын көчмө кабылдамасы эл аралап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Ош облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдамасы эл арасында түшүндүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-12-май күндөрү Ош облусунун Алай, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун айылдарында райондук Ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери көчмө кабылдама автоунаа менен кыдырууга чыгышып, жарандар менен жолугушту.

Райондук милициянын кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте айылдарды кыдырып, үй бүлөлүк зордук зомбулуктун, балдар арасында укук бузуулардын, суу коркунучунан жана бөөдө кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери болуп өттү. Муну менен катар КР президентинин 22.02.2022-жылдагы “Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” № 54 жарлыгы тууралуу маалыматтар жеткирилип, жарандарга юридикалык кеңештерин беришти.

Ош облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдамасы жергиликтүү бийлик органдары менен атайын графиктин негизинде 2022-жылдын 4 ай ичинде 443 жолу кыдырууга чыгып, 2208 жаранды кабыл алган жана 996 арыз даттануулар алынып, каттоо журналына катталган. Ошондой эле 390 жаранга юридикалык жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий