• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда муктаж үй-бүлөлөргө ун таратылат

Аймак 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Ош облусунда муктаждарга ун таратылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусуна өкмөт тарабынан 330 тонна ун бөлүнгөн. Ал бардык райондордогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. Жалпысынан облуста 28 миңден ашуун үй-бүлө аз камсыз болгон катары катталган жана жөлөкпул алат.

Мындан сырткары, 30 тонна ун облустук мекемелерге, дарыгерлерге жана милиция кызматкерлерине бөлүнөт.

Учурда облуска бөлүнгөн ун 75%га таратылып бүттү.

Пикир

Оставить комментарий