• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош облусунда мыйзамсыз акиташ өндүргөндөр аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Ош облусунун Араван районунун Алиянар айыл өкмөтүнүн Ачы айылынын тургундары жайыт багытындагы жер участкаларында мыйзамсыз акиташты өндүрүүдө. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, аталган айылдын тургундары жайыт багытындагы жер участкаларына акиташ бышыруучу ишканаларды куруп алышкан.

Мамэкотехинспекциянын Араван, Ноокат райондору боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мыйзамсыз ишмердүүлүктү токтотуп, жерди баштапкы калыбына келтирүү талабын коюшкан. Мыйзамга каршы туруп жайыт жерин өз багытында колдонууга бербей, шалаакы мамиле жасаган айыл өкмөтү Инспекция тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылды. Бирок бул эскертүүлөрдү эске албаган ишкерлер акиташ чыгаруу ишин улантып жатат. Бүгүнкү күндө ишканада эч кандай коопсуздук талаптары сакталбагандыктан жумушчулардын өмүрлөрү коркунучта. Себеби, акиташ чыгарууда химиялык уулуу заттар бөлүнүп чыккандыгына байланыштуу жумушчулар экологиялык жана техникалык жактан дагы коопсуздугу толук сакталуусу керек эле. Бул талаптар бүгүнкү күндө күндө четте калып жаткандыктан, аталган жерде иштеп жаткандардын ден соолугу зыянга учуроодо.

Учурда Мамэкотехинспекциянын Ноокат, Араван райондору боюнча региондук башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бийликке түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен биргеликте мындай одоно мыйзам бузуу аракеттерин четтетүү талаптарын койду. Эгерде белгиленген мөөнөтө талаптар ишке ашпаса акиташ чыгаруучу жеке ишкерлердин гана эмес, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги дагы мыйзам чегинде сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий