• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунда мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу турак үй аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Ош облустук архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө регионалдык башкармалыгы тарабынан облус аймагында мыйзамсыз курулуш аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 14 кабаттуу турак жай Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Курманжан-Датка көчөсү №603 дарегинде жайгашкан. Курулуш объектиси «Аль-Шараф» ЖЧКсына таандык.

Ош облустук архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө регионалдык башкармалыгы курулушту мыйзамсыз деп таап, жерди өз калыбына келтирүү, курулушту бузуу боюнча сот органдарына доо арыз менен кайрылган. «Аль-Шараф» ЖЧКсына карата эскертүүлөр берилгендигине карабастан турак жай курулушу боюнча иштер улантылып, «Шаар куруу жана архитектура» жөнүндө КР мыйзамынын талаптарын одоно бузулган.

2022-жылдын 30-июнундагы сот отурумунда доо арыз толугу менен канааттандырылып, курулуш мыйзамсыз деп табылып, «Аль-Шараф» ЖЧКсы курулушту өз эсебинен бузууга милдеттендирилген.

Мамкурулуш куруучулардан архитектура жана шаар куруу жаатындагы КР мыйзамдарын сактоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий