• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунда мыйзамсыз ташылып келген наркы 3 млн сомдон ашуун товар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Ош облусунда мыйзамсыз ташылып келген наркы 3 млн сомдон ашуун товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери Ош облусунда “А.Ы.А.,” аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц 2538” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 9280 кг болгон жез жана латун металлдарынын калдыктары табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 3 млн сомдон ашуун.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий