• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунда салык төлөөчүлөр текшерилет

Аймак 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов райондук салык кызматынын жетекчилери, акимдердин орун басарлары жана бажы кызматынын оштогу бөлүмүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Өкүлчулүктөн билдиргендей, жолугушууда Жамалдинов салык жыйымдарын көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды күчөтүү зарыл экенин айтты.

“Салык кызматы ири салык төлөөчү ишканаларды тыкыр текшериңиздер. Айрым райондордо бул жаатта жетишерлик жумуш жүрбөй жатат. Ири ишканалардын айрымдары салыктан качып, суммаларды аз көрсөтүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан алардын ар бирин текшерип, көмүскө экономиканынкөрсөткүчүн азайтуу зарыл”, - деди Зиядин Жамалдинов

Мындан сырткары, сезондук иш алып барган ишканаларды текшерүү, бажы төлөмдөрүн да көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий