• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош облусунда салыкчылар лицензиясы жок 74,6 миң литрден ашык сыраны аныкташты

Аймак 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Ош облусунда салык кызматкерлери лицензиясы жок 74,6 миң литрден ашык сыраны аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

“Мамлекеттик салык кызматынын алкоголдук рынокту мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери Ош облусунун Өзгөн районунан “Аталык-Групп” ЖАКынын “Аталык Өзгөн” филиалынын тиешелүү лицензиясы жок сыра өндүрүү боюнча иш жүргүзүү фактысын аныкташты. Жыйынтыгында спирт камтылган 74 миң 665 литр мыйзамсыз продукция мөөр менен бекитилген”, - деп айтылат маалыматта.

Материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий