• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 29-июнь күнү коронавирус илдетинин жайылуусуна жол бербөө максатында Ош облустук милициясынын кайгуул күзөт башкармалыгынын өзүнчө батальонунун туристтик взводунун жана медицина кызматынын кызматкерлери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Ош облусунун аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бүгүнкү күндө Алай, Ноокат, Кара-Суу райондорунун аймагында санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо боюнча эс алуучу жайлардын ээлеринин жана эс алуучулар арасында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чаралар башка райондордун аймагында да улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий