• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19дан улам Ош облусунда бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүн

Аймак 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. COVID-19дан улам Ош облусунда бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус райондорундагы базар, мечит, мамлекеттик мекеме, коомдук тамактануучу жайларда жана эл көп жайгашкан жайларда санитардык нормаларды сактоо боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Райондук эпидемиологиялык кырдаалды алдын алуу боюнча штабдын чечими менен жарандарга аралыкты сактоо, көчөдө жүргөндө беткап, антисептик колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми санитардык эрежени сактабаган жарандарга жеринде протокол толтурулуп, айып салынып жатат.

Эске салсак, Ош облусунун аймагында эпидемиологиялык кырдаал курчуганына байланыштуу "кызыл зонага" киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий