• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунда селдин кесепетин жоюу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.08.20. /Кабар/. Ош облусунда селдин кесепетин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-август күнү саат 23:30 чамасында Алай районунда катуу жааган жаандын кесепетинен Гүлчө айыл аймагынын Курманжан Датка айылындагы МТФ каналына суу батпай ашып, ички чарбалык унаа жолду суу каптап, кум-шагылга толтурган. Тазалоо иштерине 1 грейдер тартылып, саат 01:00 чамасында жол бир тараптуу ачылган.

Бүгүн, 2-августта жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, 31-июль күнү саат 20:30 чамасында Кара-Кулжа районунда жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Кызыл-Жар айыл аймагындагы Күйө-Таш айылында жайгашкан 12 турак үйдүн короолорун суу каптап жана 5 турак үйдүн ичине суу кирген. Ошондой эле Коо-Чаты айылында 25 турак үйдүн короолорун суу каптап жана 2 турак үйдүн ичине суу кирген.

Жерине Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлгөн.

Ошол эле күнү саат 19:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алай-Куу унаа жолунун 115-чыкырымында сел жүрүп, унаа жолду кум-шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган. 1 жүктөгүч тартылып, техниканын жардамында унаа жол толук тазаланып ачылган.

Пикир

Оставить комментарий