• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош облусунда шайлоо учурунда тилкелерде 854 дарыгер жана 2400 элдик кошуундун мүчөлөрү нөөмөттө турушат

Шайлоо 2017 0

Ош, 15.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусундагы 488 шайлоо тилкесинде 854 медицина кызматкери жана 2 миң 476 элдик кошуундун мүчөлөрү нөөмөт өтөшүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусу боюнча КР президенттик шайлоо боюнча түзүлгөн штабынын жыйынында шайлоо тилкелеринде 366 дарыгер, 329 фельдшер жана 159 медайым нөөмөт өтөө чечими кабыл алынган.

Ошондой эле шайлоо тилкелерине жакын жерде 488 электр оңдоо кызматкер турушат. 488 шайлоо тилкесинде 1019 урна бар (АЭУ), алардын 841и көчмө, 869 компьютер комплекттери жана 1297 операторлор.

“Андан сырткары шайлоо тилкелеринде 1082 милиция кызматкери жана 2476 элдик кошуундун мүчөлөрү бар. Ошондой эле, 54 дарыгерлер тобу, 62 өрт өчүрүүчү, электр оңдоочу 7 топ уюштурулган. 425 шайлоо тилкесинде зымсыз интернет байланышы, ал эми 56 тилкеде – стационардык интернет байланышы орнотулган”,-деп айтылат маалыматта.

Ош облусу боюнча жалпысынан 588 миң 725 шайлоочу бар. Ошондой эле №2 формасы боюнча 44 миң 285 шайлоочу, №3 формасы боюнча – 11 миң 734 шайлоочу катталган.

Пикир

Оставить комментарий