• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда сууга чөгүп кеткен эки адамдын сөөгү табылды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Ош облусунда сууга чөгүп кеткен эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 9-август күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ачы айылында каналга 2013-жылы туулган жаш бала чөгүп кеткен. 10-август күнү издөө иштерин натыйжасында куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Издөө иштерине 11 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Ошондой эле 3-август күнү Ош шаарынын Өзгүр айылында Южный каналына 1994-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен. 10-август күнү издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан маркумдун сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Издөө иштерине 12 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий