• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ош облусунда таксисттерге райондор ортосунда каттоого уруксат берилбейт – Жылкыбаев

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Ош облусунда таксисттерге райондор ортосунда каттоого уруксат берилбейт. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда райондор аралык каттамдарга уруксат бериле элек.

"Район ичинде таксисттер иштей берсе болот. Аларга уруксат берилет. Бирок өзүнчө шарты менен иштейт: патент болушу керек, автоунаасын дезинфекциялашы шарт жана унаасына экиден ашык жүргүнчү салбашы керек. Бирок шаарда унаага канча киши отурса дагы бир бааны төлөсө, облуста ар бир жүргүнчүгө төлөнгөндүктөн айдоочулар нааразы болуп, кайрылып жатышат. Муну таксисттер жумушка чыгардын алдында өздөрү карап көрүшү керек. Ал эми бир унаага 4 адамды салып алган айдоочуларга айып пул салынат", - деди Жылкыбаев.

Белгилей кетсек, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий