• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда террористтик уюмдун жактоочусу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Ош облусунда "Джамаат ат-Таухид валь-Джихад" террористтик уюмунун жактоочусу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ош облусунун 38 жаштагы тургуну Ж.Э. аттуу жаран "инстаграм" интернет баракчасы аркылуу Кыргызстандын аймагында тыюу салынган террористик жана экстремисттик уюмдардын материалдарын уюлдук телефон аркылуу таркатып жүргөндүгү аныкталып, аркетине юридикалык баа берүү максатында кармалып, Ош ОИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынган. Ал өзүнө таандык болгон уюлдук телефону аркылуу диний-экстремисттик мүнөздөгү материалдарды тараткандыгы аныкталган.

"Джамаат ат-Таухид валь-Джихад" террористик уюмунун (2016-жылдын 17-март күнү Ош шаардык сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган) жакын колдоочусу катары бааланып, социалдык тармактарда чакырыктарын таратып жүргөндүгү айкын болгон.

Ошондуктан анын үстүнөн, КРнын ЖКнин 332-беренесинин ("Эстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Соттук экспертизалардын жыйынтыгы менен алынган материалдардын курамында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында тыюу салынган диний-экстремисттик материалдар бар экендиги тастыкталган. Учурда тергөө иштери аяктап, кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий