• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош облусунда өткөн рейддин жүрүшүндө мас абалында унаа башкарган 14 айдоочу кармалды

Аймак 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Ош облусунун аймагында 25нен 29-январга чейинки аралыкта "Коомдук транспорт" аталыштагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн техникалык көзөмөлдөө тобунун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген коомдук унааларды текшерип, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Укук бузуу жөнүндөгү кодексинин негизинде 1026 протокол түзүлүп, анын ичинен өз алдынча автоунааны өзгөртүп алган 12, техникалык кароодон өтпөгөн 10, техникалык оң эмес абалда 2, коопсуздук курун такпаган 403, документи жок автоунаа башкарган 16, убаганда каттоодон өтпөгөн 51, жол белгилерине баш ийбеген 466 автоунаанын айдоочусуна жана спирт ичимдигин ичип алып рулду башкарган 14 айдоочуга, ошондой эле жөө жүрүүчүлөргө 52 протокол түзүлдү.

Мындан сырткары, калк жыш жайгашкан жерлерде жарандарга санитардык талаптарды так сактоого, коргонуу каражаттарын колдонууга, социалдык аралыкты сактоого чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий