• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ош облусунда укук бузууларды алдын алган масштабдуу иш-чара өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Ош облусунун аймагында укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын биринчи бөлүгү Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп, анда бир катар мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышкан нускама өткөрүү менен башталды.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Джоробеков, Ош облусунун прокурорунун орун басары Адыл уулу Мирлан аянтка тизилген мамлекеттик мекеме уюмдардын өкүлдөрүнүн иш-чарага болгон даярдыктарын көздөн өткөрүшүп, нускама беришти.

Ошондой эле аталган мекеме-уюмдарга тийиштүү техникалардын абалы менен таанышып чыгышты. Нускамадан соң мындагы мекеме уюмдар райондордун аймагына бөлүнүп, жеринде иш алып баруу үчүн жөнөп кетишти. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамынын талаптарын турмушка ашыруу максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты - жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, четтетүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий