• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине президенттин атынан белектер тапшырылды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-май күнү өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош облусундагы согуш ардагерлерине президент Сооронбай Жээнбековдун атынан "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" мааракелик медалын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ошондой эле согуш ардагерлерине Россиянын президенти Владимир Путиндин атынан да мааракелик медалдар тапшырылган.

Алай районундагы 100 жаштагы акыркы ардагер Суранбай Алиев аймактарды өнүктүрүү боюнча жүрүп жаткан иштерге президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирген.

Кара-Суу районунун Мады айылындагы согуш ардагери Арзыбек Абдраимов "эгемендүүлүктү көз карегиндей сактоо – ар кыргызстандыктын милдети" экенин айткан.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, Ош облусунда 23 согуштун ардагерине облус жетекчисинин резервдик фондунан 10 миң сом акчалай жана 5 миң сомдук азык-түлүк баштыгы, баалуу белектер, ооруктун 710 ардагерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен белектер берилди.

"Буга чейин президенттин жарлыгына ылайык, ар бир согуш ардагерине 75 миң сомдон, ар бир оорук ардагерине 15 миң сомдон акимдер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан жеткирилип берилген. Райондук администрация жана жергиликтүү бийликтин атынан акчалай сыйлыктар тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий