• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда унду 25 миң үй-бүлө алды - Жылкыбаев

Аймак 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Ош облусунда 1 миң 325 тонна унду 25 миң үй-бүлө алды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, Ошко мамлекет тарабынан 380 тонна үн бөлүнгөн. "Бизде жалпы жардамга муктаж 250 миң үй-бүлө бар. Алардын 66,8 миң үй-бүлөгө жардам берилди. Ошондой эле биз 800 сомго ылайык азык-түлүк пакетин даярдап, таратып жатабыз. Азыр Өзгөн, Ноокат, Кара-Суудагы тургундарга таратылды", - дейт ал.

Жылкыбаев белгилегендей, Ошто азык-түлүккө муктаждар 154 ыкчам номерине кайрылса болот.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий