• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ош облусунда “Ырдын пири — Рыспай” аттуу кароо-сынак өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Ош облусунда “Ырдын пири — Рыспай” аттуу кароо-сынак өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кароо-сынак КРнын эмгек сиңирген артисти, таланттуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата карата уюштурулган.

"Иш-чара Рыспай Абдыкадыровдун айкелине гүл чамбар коюу жана эскерүү менен башталып, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов жана Рыспай Абдыкадыровдун кесиптештери катышты", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Ош облусунун райондорунан тандалып алынган таланттуу аткаруучулар арасында кароо-сынак өтүп жатат.

Сынакты өткөрүүгө президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан каражат бөлүнгөн. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий